Ишенгин, бирок текшергин: арматуранын бышыктыгына карата сыноонун 4 баскычы.

Арматура – бул курулуштагы эң маанилүү элемент болуп эсептелинет, себеби бетондун жана башка курулуш элементтеринин бекемдиги жана сапаты арматурадан көз каранды.  Ал, чындыгында эле, өтө чоң опол-жүктү көтөрөт, ошондуктан анын бекемдигин билүү сыноосунан ийгиликтүү өтүшү – курулуштун ийгиликтүү аягына чыгуусуна болгон алгачкы кадам. Текшерүүнүн жүрүшүндө атайын жардыруучу машинанын жардамы менен арматуранын жардырууга болгон бекемдигинин чеги билинет, ошого карай арматуранын сапаты жана классы жөнүндө жыйынтыктар чыгарылат.

Сыноо процесси бир нече баскычтан турат: даярдоочу баскыч, арматураны атайын бөлүктөргө бөлүп, кылдаттык менен жылмалоо, өлчөөчү баскыч, бөлүнгөн бөлүктөргө, сызгыч аркылуу атайын аппараттын жардамы менен белгилер коюлат, андан кийин чоюуу баскычы келет. Бул абалда арматура станокко орноштурулганда сыноо материалдарынын чоюуу кубаттуулугу акырындан көбөйө баштайт. Жыйынтыктоочу баскычында арматуранын бөлүктөрү өлчөөчү шайманга кайтарылынат, тактык менен бөлүнгөн жерлерди бириктиришет жана матераилдын максималдуу чоюуу өлчөмүн жүзөгө ашырышат, бул аркылуу жардыруунун коэффициенти атайын формула негизенде эсептелинет. Эгерде текшерүүнүн натыйжалары ийгиликтүү (арматуранын бекемдиги жогору) болсо, анда дароо курулуш иштерин баштоо керек!

«Альфа» курулуш компаниясы арматураны, күчтүү сыноолордон өткөн, текшерилген, ишенимдүү орус өндүрүүчүлөрүнөн сатып алышат. Россиядан алынып келинген арматуралар үч сыноо баскычын өтөт: биринчиси – иштеп чыгаруучулардын заводунда, экинчиси – Кыргызстандын көз карандысыз тестирлөө лабораторияларында. Бардык мүмкүн болгон кемчиликтерди четтетүү жана мурунку текшерүүлөрдүн тактыгын камсыз кылуу үчүн, үчүнчү акыркы сыноону «Альфа» курулуш компаниясы өзү жүзөгө ашырат. Компаниянын эксперттеринен уруксат алгандан кийин гана металл сатып алынат.

«Альфа» курулуш компаниясы өзүнүн кардарларынын коопсуздугу жөнүндө кам көрөт!

Бөлүшүү:

Кеңеш алуу

Биз Сиздин батир сатып алуу боюнча каалаган сурооңузга телефон аркылуу же сатуу бөлүмүндө жеке жолугушууда кубаныч менен жооп беребиз.

Посмотреть на карте Бишкека