«Ысык-Көл – 2017» IV экономикалык форуму

2017-жылдын 22-автустунда Чолпон-Ата шаарында IV «Ысык-Көл – 2017» экономикалык форуму болуп өттү «Ысык-Көл-2017» экономикалык форуму жалгыз эл аралык масштабдуу иш-чара болуп саналат, себеби форум өлкөбүздүн бардык региондорунун экономикасына инвестициялардын келишине өбөлгө түзүүгө багытталган. Форумдун ардактуу коноктору ЕАЭБнин мүчө-мамлекеттеринин – Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Беларус жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер – министрлери, ошондой эле ЕЭК коллегиясынын төрагасы болду.

Мындан тышкары, катышуучулар арасында Кытай Эл Республикасынын, Түркия, Индия жана Арап өлкөлөрүнөн келген расмий өкүлдөрү кирген. «Альфа» курулуш компаниясы талкуулоого жигердүү катышып, каржылык өнөктөш катары иш алып баруу менен бирге, төмөнкүдөй эки инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн сунуштарды киргизди:

  • Сары-Ой айылындагы «Радуга» эс алуу борбору;
  • «President Palace» клуб үйү.

 

«Альфа» ККнын башкы директору Рустам Джондун айтымында, форумдун алкагында Кытайдын алдыңкы курулуш компаниялары менен активдүү кызматташтык кылуу боюнча бир нече ийгиликтүү жолугушуулар болуп өттү.

 

Бөлүшүү:

Кеңеш алуу

Биз Сиздин батир сатып алуу боюнча каалаган сурооңузга телефон аркылуу же сатуу бөлүмүндө жеке жолугушууда кубаныч менен жооп беребиз.

Посмотреть на карте Бишкека