Коомдук бийлер боюнча «Альфа 2017 кубогу» сынагы

Чындыгында, иш-чарадагы сонун атмосфераны сүрөттөрдүн бири да жеткирип бере албайт!  Жумшак бачата, жандандыруучу сальса, жалындуу кизомба – коомдук бийлер боюнча «Альфа-2017 кубогу» мелдеши «GQ» кафе-барынын бий аянтчасын ээритип жаздады!

Катышуучулардын арасында Казакстандан келгендер болгондуктан «Альфа 2017 кубогу» эл аралык мелдешке айланды. Атаандаштар төмөнкү категорияларда мелдешишти:

✔ Башталгыч бачата (6 айга чейин бийлөөчүлөр)

✔ Улантуучу бачата (6 айдан ашык бийлөөчөлөр)

✔ Сальса – ачык класс (баары, даражасына каралбайт)

✔ Кизомба – ачык класс (баары, даражасына каралбайт)

Катышуучулар бир бийди да, үч бийди да бийлей алышты.  Сынактын негизги форматы бий импровизациясы болчу.

Жеңүүчүлөрдү РИО коомдук бийлер мектебинин мугалидери, ошондой эле «Альфа» курулуш компаниясынын өкүлдөрү – коммерция директору Нияз Гайдаров жана маркетинг бөлүмүнүн башчысы Иззат Таиров сыйлыктарын ыйгарышты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча катышуучулар иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдиришти.

Уюштуруучулар, өз кезегинде, келерки жылы да ушундай конкурс уюштурарын жана мындан да көп катышуучуларды  чыдамсыздык менен күтүшөрүн убада кылышты.

Бөлүшүү:

Кеңеш алуу

Биз Сиздин батир сатып алуу боюнча каалаган сурооңузга телефон аркылуу же сатуу бөлүмүндө жеке жолугушууда кубаныч менен жооп беребиз.

Посмотреть на карте Бишкека