Ортомчуларсыз батир сатып алуу.

Бишкекте ортомчуларсыз батир сатып алып, жагымсыз абалга түшүп калбоо үчүн эмне кылуу керек? Көпчүлүк брокерлер батирдин баасынан 4% -10% өздөрүнө алышат. Алты нөлү бар сандар жөнүнүдө сөз жүрүп жатканда бул пайыздар өтө чоң суммага айланат, ошондуктан риэлтордук фирмалар көп учурда кымбат баадагы курулуп жаткан объектилерди сатууга кызыкдар. Бишкекте болсо жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу бийик имараттар көп экенин байкоо кыйынчылыкты туудурбайт.  Ошондуктан, көптөгөн куруучулар ортомчу фирмаларды жалдашып, аларга сатуудан үлүш төлөп беришет, бул учурда да сиз уттурасыз, себеби куруучулар батир баасын риэлторго берилүүчү пайызды кошуу аркылуу коюшат.

«Альфа» курулуш компаниясы дайыма эле кардарлар менен түздөн-түз иштешет. Себеби бизде маркетинг жана юридикалык бөлүмдөрү бар болгондуктан батирдин чыныгы баасы көрсөтүлгөн.

Ортомчу компаниялардын бардык кызматкерлери тийиштүү билимге ээ тажрыйбалуу адистер эмес. Бишкекте тажрыйбасыз жумушчуларды жалдаган белгилүү кыймылсыз мүлк агенттиктери, ишканалары, компаниялар аябагандай эле көп. Эгерде сиз ортомчусуз батир сатып алуу кооптуу деп ойлосоңуз, анда тажрыйбалуу жана ири компаниялар менен иш алып барууну сунуштайбыз. Же жеке риэлторду кааласыңыз, анда тажрыйбалуу адам менен иш алып бараңыз, себеби алдамчылардын колуна түшүп калуу коркунучу бар.

Эч кандай ортомчуларсыз өз алдынча турак жай сатып алууга болот. Бул үчүн батирдин сатып алуу жана сатуу боюнча бардык аспектилерин изилдөө керек. «Альфа» курулуш компаниясы менен иштөөшүү пайдалуу, себеби:

  1.      Биринчиден сиз түздөн-түз, эч кандай ортомчуларсыз, биздин батирлерди сатып алып жатканда, арзандатуулар боюнча сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк алысыз;
  2.     Экинчиден, биздин куруучу биринчи жыл эмес, 5 жылдан бери иштеп келет, бизде сатуу жана сатып алуу боюнча келишимдер бар, ошондуктан сиз юристке кеткен акыны сактап кала аласыз;
  3.    Үчүнчүдөн, биздин бардык документтерибиз ордунда.

Биздин сайтыбызда сиз чынчылдыкты кепилдеп берүүчү документтерди, ошондой эле биздин объектилердин сүрөттөрү, алардын баасы, жана башка бардык кызматтар тууралуу маалыматтарды таба аласыз, ошондой эле биздин мурунку иштерибиз менен тааныша аласыз. Биз сиздер үчүн атайын онлайн суроо берүү системасын иштеп чыктык. Эгерде сиз жеке жолугушууну кааласаңыз, биздин Бишкектеги мобилдик офитерибизде иштеп жаткан өкүлдөрүбүз жардам бере алат.

Биз менен, эч кандай ортомчуларсыз сизге ылайыктуу болгон батир сатып алууга болот, биз сиздин чыгымдарыңыз аз болушун кепилдөө менен бирге көп убакыт коротпоого жардам беребиз.

Бөлүшүү:

Кеңеш алуу

Биз Сиздин батир сатып алуу боюнча каалаган сурооңузга телефон аркылуу же сатуу бөлүмүндө жеке жолугушууда кубаныч менен жооп беребиз.

Посмотреть на карте Бишкека