Оставьте Ваш номер
и менеджер Вам
перезвонит

«Аль Хаят» турак-жай үйү

 

Борбор калаанын чыгыш бөлүгүндөгү көп кабаттуу турак-жай үйү.

Ауэзов көч. боюнча (Учкун кичи районуна жакын)

 

 «Аль Хаят» — жаңы үйдө анча кымбат эмес турак-жай издегендердин бардыгы үчүн мыкты тандоо. Кабаттарынын пландаштырылуусу, бардык жашоочуларга максималдуу тынчтыкты жана өз алдынчалуулукту камсыздай ала тургандай түрдө аткарылган. Ал эми өнүккөн инфраструктурасы жана бардык зарыл болгон инженердик коммуникациялар тутуму жашоонун максималдуу ыңгайлуу шарттарын камсыздайт.
Сиздерге ыңгайлуу болсун үчүн үйдүн биринчи кабатында дүкөндөр, дарыкана жана башка соода объекттери жайгаштырылган. Биздин компаниябыз тараптан сунушталган баа саясаты (1 миллион 320 миң сомдон бир батир үчүн) жана пайыздарсыз мөөнөтүн узартып төлөөнүн ийкемдүү тутуму бизге батирлердин олуттуу бөлүгүн нөлдүк деңгээлинен эл сатып өткөрүүгө мүмкүндүк беришти.
Компаниябыздын репутациясы кардарлар менен туруктуу өз ара аракеттенишүүгө негизделген. Батирдин ар бир сатып алуучусу каалаган кезинде, курулуш кандай жүрүп жаткандыгын биле алат жана жеке өзү «Альфа Девелопменттин» үйлөрүнүн сапаты өзүнүн күтүүлөрүнө канчалык шайкеш келе тургандыгын текшере алат. Колдонулуп жаткан заманбап технологиялар негизги жүк көтөрө турган конструкциялардын сейсмикалык туруктуулугун жана бышыктыгын камсыздашат. Курулушта текшерүүдөн өткөн жана сапаттуу материалдар гана колдонулат: кыш, арматура, бетон, айнекпакеттер жана жасалгалоочу материалдар. Кыштан тургузулган үй, панелдик конструкциялардан алда канча жакшы, жылуулукту сактайт, жана тескерисинче ысык күндөрү үйдү салкын кармайт. Ушунусу менен биздин үйдүн жашоочулары кышкы мезгилдерде жылуулукта, ал эми жайкысын болсо салкында жашашат.

 

Получить консультацию менеджера

Сүрөттөр галереясы

 

Курулуштун баскычтары

Мы находимся

Адрес: г.Бишкек, ул. Логвиненко 10, пересекает Боконбаева

Контактные данные

+996 700 444 444

+996 777 444 444

+996 555 444 444

alfastroy.kg@gmail.com

Остались вопросы?