КРнын вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов жана КРнын экономика министри Артем Новиков тарабынан берилген атайын сыйлык биздин команда үчүн бул аптанын эң негизги иш-чарасы болду. Жылдын 20-сентябрында, Эл аралык ишкер күнү «Альфа» ККнын коллективи өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өзүнүн маанилүү салымын кошкондугу үчүн сыйланды.
Экономика министринин өз колунан сыйлыкты, «Альфа» ККнын Башкы директору Рустам Джон иш сапарында болгонуна байланыштуу, компаниянын кош-негиздөөчүсү Рустам Сатеков алды.
Бизге ишенип жана тааныгандыгы үчүн республикабыздын өкмөтүнө ыраазычылык билдиребиз! Мындан ары да Кыргызстанды жакшыртуу үчүн аракеттерибизди жумшай бермекчибиз.