«Альфа» курулуш компаниясынын кубогуна карата сүйүүчүлөрдүн арасындагы тез шахмат боюнча эыл сайын өткөрүлүүчү турнир. (11.12.2017)

10-декабрда, «Альфа» курулуш компаниясы жана КРнын Шахмат федерациясы тарабынан уюштурулган, сүйүүчүлөр арасында шахмат боюнча эл аралык турнир болуп өттү. Бул тунирге элүүдөн ашык шахмат сүйүүчүлөрү катышышты.

«Альфа» курулуш компаниясынын атынан коммерция директору Нияз Гайдар жана маркетинг бөлүмүнүн директору Иззат Таиров турнирде болушту. Турнирдин модератору Мээрим Алымбаева менен бирге алар мелдештин башталганын жарыялашып, бардык катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.

Турнир жети этап менен өткөрүлүп, натыйжада эң көп очко топтогон жеңүүчүлөрдү аныкташты. Атайын щвец системасынын жардамы менен атаандаштарды аныктап чыгышты. Турнирдин башкы калыстары болуп шахмат академиясынын тренери Семетей Тологотегин жана шахмат боюнча КРнын мастери Алымбай кызы Айжан болушту.

Кубок эркектер арасында жана аялдар аялдар арсында өзүнчө ойнотулду, бирок турнирдин жүрүшүндө, алар бири-бири менен ойной алышты.  Ошентип, Кубаныч Алманбетов эркектер арасында жана Кылымжан Кылычбекова аялдар арасында жеңүүчү аталышты. Экинчи орунду эркектердин арасынан Эрлан Жуматаев, аялдардын арасынан Нурисса Чатак кызы ээлешти. Үчүнчү орунду эркектер арасында Чыңгыз Мансуров жана аялдар арасында Зулие Нурбекова багынтышты. Жеңүүчүлөргө ««Альфа» – 2017 кубогун» ыйгарышты, ал эми экинчи жана үчүнчү орундарга ардак грамоталарына татыктуу болушту.  Ошондой эле, жеңичүүлөргө «Альфа» курулуш компаниясы тарабынан атайын белектер менен сыйланды.  Ошондой эле, атайын сыйлык менен турнирдин эң жаш катышуучусу Султан Шаршенбаев сыйланды.

«Альфа» курулуш компаниясы бул турнирди жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чара деп жарыялады, ошондой эле спортсмендерден жана күйөрмандардан жогорку кызыгуусуна байланыштуу уюштуруучулар келерки жылы иш-чараны масштабдуурак кылып өткөрүүнү пландашууда.

Бул турнир «Альфа» курулуш команиясыны өткөрүп жаткан акыркы иш-чара эмес. Өтүп бараткан жылдын 23-декабрында «Альфа» ККсы RIO коомдук бийлер мектеби менен биргеликте конкурс өткөрмөкчү.

Кыскача негизги учурлар:

Турнир жөнүндө толук сюжет:

Бөлүшүү:

Кеңеш алуу

Биз Сиздин батир сатып алуу боюнча каалаган сурооңузга телефон аркылуу же сатуу бөлүмүндө жеке жолугушууда кубаныч менен жооп беребиз.

whatsaap