«Альфа» ККсы ийгиликтүү өнөктөштүк үчүн атайын сыйлык жана ыраазычылык менен белгиленди. 2017-жылдын 17-ноябрында, Кыргызстандагы Америка соода палатасынын алтын өнөктөшү болуп эсептелинген, «Альфа» курулуш компаниясы бул палатанын мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн жылдык жыйынына катышты. Ушул жолугушуунун алкагында, 8-категория (Инновация жана технологиялык жетишкендиктер үчүн, Жылдын ачылышы, Коомдун жыргалчылыгы үчүн, Жылдын өнөктөшү, Жылдын башкаруучусу, Эң мыкты жумуш берүүчүсү, Кардарларга арналган бизнестин лидери, Жылдын селфиси) боюнча «AmCham Awards-2017» сыйлык тапшыруу салтанаты болуп өттү.
Бул иш-чара, бизнес-жамаатынын 150дөн ашык башкы жетекчилерди жана өкүлдөрү, өлкөнүн эл аралык уюмдарынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын, чет элдик конокторду чогулта алды. Иш-чарада биздин компаниянын атынан башкы директор Рустам Сатеков, башкы директорунун орун басары Гүлнара Сатыбалдиева, коммерция директору Нияз Гайдаров жана маркетинг бөлүмүнүн башчысы Иззат Таиров катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө, «Альфа» ККсы Кыргызстандагы Америка соода палатасы менен ийгиликтүү өнөктөштүк үчүн атайын сыйлык жана ыраазычылык менен сыйланган. Белгилей кетсек, Кыргызстандагы Америка соода палатасы (AmCham) – Кыргызстанда жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү бизнес-чөйрөнү түзүүгө багытталган эң алдыңкы эл аралык бизнес-ассоциациясы. Кыргыз Республикасынын бизнес иштери жана экономикасынын гүлдөп өнүгүшү үчүн салым кошууга мүмкүнчүлүк камсыз кылуу максатында, «Альфа» курулуш компаниясы бул палатасынын мүчөсү болуп, ушундай иш-чараларга жигердүү катышып келүүдө.