БИШКЕКТЕГИ КОММЕРЦИЯЛЫК КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК
Бишкектеги коммерциялык кыймылсыз мүлк, кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу, сиздин инвестицияларыңыз үчүн жеткиликтүү жана коопсуз болуп саналат. Бул коопсуздука ал жайларды (имараттарды) сатып же ижарага алууда бир нече принциптерди колдонуу менен жетүүгө болот.
Башында, эң эле ылайыктуу объектти тандоо керек. Албетте, бул сиздин келечектеги же учурдагы ишмердүүлүгүңүздүн багытынан көз каранды. Мисалы, азык-түлүк дүкөндүрө үчүн оптималдуу орун болуп турак жайдын биринчи кабаттары, ал эми компьютердик кызматтарга жертөлө жайлары ылайыктуу, баса алар сизге бир канча арзан түшөт.
Ийгиликтүү келишимдин биринчи принциби – юридикалык тазалыгы. Банктар менен келишимдерди түзүүдө бул өтө маанилүү. Ар бир банк максималдуу пайда алуу максатында иштейт жана келишимдерди түзөт. Алар соода-сатык документтеринде туура эмес акча алуу талаптарын камтышы мумкун. Мунун алдын алуу үчүн, экинчи тарап менен биргеликте келишимдеги төмөнкү суроолорду талкуулаңыз:
Турак жай ээсинин сатуу боюнча укуктары туура түзүлгөнбү?
Имаратты андан ары пайдаланууга киргизүүдө кошумча салымдар барбы?
Келечекте сизге каршы чыгышы мүмкүн болгон үчүнчү жактардын кызыкчылыктары(башка менчик ээлери, карыздар)?
Ошондуктан, сатып алып жаткан мүлк боюнча так жана туура келишимди түзүп чыгуу абдан маанилүү. Эгер кыйынчылыктар жаралса, акчаны аябай эле, юридикалык жардам берүүчү мекемелерге кайрылыңыз.
Кийинки принцип – баштапкы рынок менен иштөө. Бул жагдайда, сиздин келечектеги бизнесиңиздин башка кандайдыр бир күтүлбөгөн талапкерлери пайда болбойт, себеби башында бул объект эч кимге таандык болгон эмес. Иштеп чыгуучу менен макулдашкандан кийин, балким, үйдүн куруу планынын айрым жерлерине оңдоп түзөөлөрдү киргизүүгө болот. Албетте, бүтпөгөн курулуштун баасы сизди сүйүнтө алат.
Маанилүү принцип – ашыкча төлөп калбоо. Бул үчүн, ишкананын болжолдуу кирешесин эсептеп чыгуу керек, кыймылсыз мүлктүн баасы кыска убакыт ичинде кайра акталууга тийиш. Ошондой эле мүлктү базардагы баа менен салыштырыңыз. Эски объектини сатып алууга келгенде, аны калыбына келтирүү иштеринин наркын эске алуу зарыл. Көпчүлүк учурларда, көрсөтүлгөн баалар так эмес. Бардык чыгымдарды эске алуу менен, салыштырмалуу жеңилдик берүү боюнча сүйлөшүүгө болот. Ошондой эле, келечектеги объектинин жайгашкан жерин эске алуу зарыл, канчалык көп турак үйлөрү, балдар бакчалары, мектептер, жогорку окуу жайлары жайгашкан болсо, сиздин бизнесиңиз көбүрөөк пайда алат, бирок мындай жайлардын баасы кымбат болот.